Аймак

ТАЖИКСТАН АБАКТАГЫ ТОПОЛОҢДО ӨЛТҮРҮЛГӨНДӨРДҮН ТИМЕСИН ЖАРЫЯЛАДЫ

ТАЖИКСТАН АБАКТАГЫ ТОПОЛОҢДО ӨЛТҮРҮЛГӨНДӨРДҮН ТИМЕСИН ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,284 Бардыгы /

Тажикстан ИИМи Вахдаттагы түзөтүү абагында чыккан тополоңдо өлтүрүлгөн соттолуучулардын толук тизмесин жарыялады.

Тизмеге ылайык, 18 киши “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөсү болгон. Алардын арасында 2015-жылы Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткен тажик милициясынын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимовдун 21 жаштагы уулу Бехруз Гулмурод, “Ислам кайра жаралуу партиясынын”, “Ансоруллох” экстремисттик кыймылынын, “Түркстан Ислам кыймылынын” үчтөн мүчөсү бар.

Расмий маалыматка ылайык, Вахдатагы тополоңдо үч абак кызматкерин кошкондо 32 киши каза тапкан. Бычак сыяктуу учтуу куралдарды көтөргөн абактагы 30га чукул адам үч түрмө сакчысын жана камакта отургандардын арасынан бир нече кишини өлтүрүп, бир канчасын барымтага алып, түрмөнүн медициналык бөлүмүн өрттөшүп, өздөрүн бошотууну талап кылышкан.

​ “Ислам кайра жаралуу партиясынын” чет жактагы жогорку саясий кеңеши Вахдат колониясындагы козголоңду кандуу жол менен басуу ыкмасын айыптады. Кеңеш абактагы соттолуучулардын, анын ичинде саясий туткундардын ден соолугуна кабатыр болуп жатканын билдирди.

“Ислам кайра жаралуу партиясы” окуяны кылдат иликтөө үчүн эл аралык уюмдардын кызматкерлеринен турган көз карандысыз тергөө тобун түзүүнү талап кылды.

”Ислам кайра жаралуу” партиясына 2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, ондогон өкүлдөрү эркинен ажыратылган. Ал эми Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17