Аймак

БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ ТӨРТ-КҮЛ СУУ САКТАГЫЧЫ

БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ ТӨРТ-КҮЛ СУУ САКТАГЫЧЫ

 4,760 Бардыгы /

АДАМЗАТКА ӨМҮР БЕРИП, АЙ-ААЛАМДЫ БАККАН СУУ

“Ай, аккан суу, аккан суу. Ай-ааламды баккан суу”, деп Жеңижок акын ыр саптарында эскергендей, суу – өмүр булагы. Жеңижоктун ырларынын түпкүрүндө суу бир гана адамзатка өмүр берип чектелбестен, ал дүйнө жүзүн көркүнө келтирип, ажайып кооз болушуна себепчи болору каралат.

Баткен районундагы Төрт-Күл суу сактагычы

Кыргызстандын аймагында ондон ашык суу сактагыч бар, анын бири Баткен районунда жайгашкан Төрт-Күл суу сактагычы. Исфара дарыясынан узундугу 17 км болгон канал аркылуу агып келген суу Төрт-Күл суу сактагычына куят. Баткен районунда аталган суу сактагыч курулганга чейин дээрлик суу болбогонуна байланыштуу, айыл чарба багытында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууда суу тартыш болгон. Талаалар какыраган бойдон, бопбоз болуп, чаң уюлгуп куурап турган. Төрт-Күл суу сактагычы Баткен шаарынын борборунан 12 км аралыкта батыш тарабында жайгашкан.

Төрт-Күл суу сактагычынын кыскача мүнөздөмөсү төмөнкүдөй:

Ø узундугу 5 км;

Ø эң жазы жери 2,1 км;

Ø эң терең жери 26,8 м;

Ø суу толгондогу аянты 6, 57 км2;

Ø көлөмү 90 млн м3 (75 млн м3 сугатчылыкка пайдалануу көлөмү);

Ø батыш плотинасынын узундугу 1094 м, туурасы 4 м, бийиктиги 34 м, ал эми чыгыш платинасынын узундугу 525 м.

Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкыновдун айтуусунда: «Негизи суу сактагыч салынганга чейин суу болгон эмес. Ал эми көлдүн аталышы Төрт-Күл болуп калышы мурда төрт булак болгон дешет, ошондон аталып калган. Суу сактагычты салуу жөнүндө план И. Раззаковдун убагында эле башталган. Кийин 1971-жылы Т. Усубалиевдин тушунда ишке берилди. Куруу иштерине он жылдан ашык убакыт кеткен. Баса белгилей кетчү нерсе, анын өзгөчөлүгү болуп сууну жерге сиңип кетүүдөн сактоо максатында, кыртыштын 0,5 м тереңдигинде полиэтилен пленкасы төшөлгөн. Мындай практика дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде биздин өлкөдө алгачкылардан болуп эсептелет. Жалпысынан отчет боюнча 12 миң га айыл чарба багытындагы үлүш жерлерди суу менен камсыз кылат деп жүрөт, анын 2,3 миң га жер алдындагы суулар көтөрүлүп

жараксыз. Ишке берилгенден тартып шаарыбыздын экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Суу сактагычтын көлөмү 90 млн м3,, бирок салынгандан тарта тазалоо иштери жүргүзүлгөн эмес, мүмкүн учурда көлөмү 90 млн м3 жетпесе керек. Ушул суу сактагыч ишке берилгенден тарта Баткен районунун айыл чарба багытында пайлануучу жерлери эки эсеге көбөйгөн».

Баткен районунун тургуну Азамат Алишеров суу сактагычтын тегерегинде суроолорго төмөнкүчө жооп узатты: “Анын көлөмү 90 млн м3, бирок азыр анча болбосо керек. Күздөн баштап апрель айына чейин Исфара дарыясы толугу менен суу сактагычка келет. Апрелден июнга чейин Таджикистан тарапка да суу берилет, анткени сууну пайдалануу жөнүндө Мамлекеттер аралык келишим бар. Июнда дарыяда суу кирген мезгилде суу сактагычтан айланма канал аркылуу суу келет да, сугатка суу сактагычтан аз эле көлөмдө суу чыгат. Айыл чарбасында: өрүк бактары, тамеки, жүгөрү, кызыл буурчак, помидор, болгар калемпири, бадыраң ж.б. өсүмдүктөр сугарылат”.

Ал эми Баткен районунун суу чарба башкармалыгынын башчысы, суу чарба жаатындагы адис катары Эрматов Султан Төрт-Күл суу сактагычы жөнүндө кенен маек куруп, толук маалымат берип төмөнкүлөрдү белгилеп өттү.

– Султан Дүйшөбаевич, Төрт-Күл суу сактагычы жөнүндө жалпы маалымат берсеңиз.

– Суу сактагыч 1971-жылы эксплуатацияга берилген. Ал жасалма суу сактагыч болуп эсептелип, көлөмү 90 млн м 3 түзөт, анын 75 млн м3 пайдаланылат дагы, ал эми 15 млн м3 колдонулбайт (мертвый объем – деп коет). Анын суу кирген жана чыккан жагына кум турбайт, анткени долбоор боюнча атайын суу жууп, агызып кете тургандай ыкмада салынган. Адис катары айтсам, ал көлөмү боюнча 9 миң га айыл чарба багытындагы жерлерди суу менен камсыздайт. Союз мезгилиндеги долбоор боюнча 250 жылга эсептелип салынган. Азыркы учурда биздин эсептөөбүздө суу сактагычтын таманында 3,6-3,7 миң м3 кум уюп турушу мүмкүн, жогоруда белгиленгендей бул жасалма суу сактагыч, долбоор менен атайын аныкталган мөөнөткө курулган. Төрт-Күл суу сактагычын тазалоо иштерин жүргүзүүгө эч кандай негиз жок, анткени анын багытталган багыты бөлөк, көлөмү чоң жана куруу долбоорунда тазалоо ыкмалары каралган эмес.

– Баткен районунун сугат жерлеринен тышкары коңшу Таджикистан тарапка да суу берилеби, эгер берилген болсо кандай келишимдердин негизинде?

– Суу сактагыч союз мезгилинде курулгандыктан, ошол эле мезгилде Мамлекеттер аралык комиссия түзүлүп, ошол комиссиянын протоколунун негизинде суу берилчү. Ал эми эгемендүүлүктү алгандан кийин 1991-жылы Мамлекеттер аралык комиссиянын протоколу бекемделип эки тараптуу Мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишим боюнча суу Таджикистан тарапка союз мезгилинде курулган каналдар аркылуу Төрт-Күл суу сактагычынан берилип, бирок кайра Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнө коңшу тараптан суу берилет. Ошентип бул жерде эч кандай маселе жок, союз мезгилинде салынып калган каналдар аркылуу суу берилет анан кайра башка аймактар аркылуу алабыз. Төрт-Күлгө суу июлдан апрель айына чейин топтолот да, март айынын ортосунан тарта кое бериле баштайт.

Исфара дарыясы 17 км аралыктагы канал аркылуу тартылып келип, Төрт-Күл суу сактагычынын курулушу Баткен районунун 9 миң га жерин жана коңшу мамлекеттин айрым аймактарын суу менен камсыз кылып, жергиликтүү дыйкандар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн улантып, экономикалык жактан кыйла өсүш орун алган. Мындан тышкары, суу сактагычты кургандыгы үчүн 1982-жылы долбоордун авторлорунун жана куруучулардын бир тобу Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болушкан.

Суу жана экономика

Кыргызстанда дээрлик суунун кору (запасы) боюнча маселе жок. Ар бир коктуда, капчыгайда шаркырап, таштан-ташка урунуп аккан мөлтүр таза сууларыбыз бар, андан тышкары тоолорубуздун чокуларында кылымдардан сакталган мөңгүлөр топтолуп, калкыбыздын алтындан артык болгон байлыгы эмеспи. Көпчүлүк дыйкандар менен айыл тургундарынын айтуусунда, маселе, агып жаткан сууну тартып келип өзүбүздүн ишмердигибизге колдонуп, суу чыкпаган жерлерге суу жеткирип, бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтыруу. Мамлекетибиздин аймагында канча деген айылдарда таза суу маселеси да актуалдуу бойдон калууда. Ал эми айыл-чарба багытында күндүн аптаптуу ысык мезгилдеринде суу тартыш болуп, суу баштарында эки-экиден чырлашкан адамдарды да көрүүгө болот. Өз убагында өсүмдүккө суу бере албай калуу менен дыйкандар бир жылдык кирешесинен кол жууп калышы толук ыктымал.

Кыргыз Республикасы агрардык өлкө болгондугуна байланыштуу, айыл чарба багытын өнүктүрүү үчүн, эң биринчи кезекте, айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында суу менен камсыздоо маанилүү. Жогоруда, 1-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, 2018-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында Кыргызстанда чакан жана орто ишкерликтин ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрүнүн ичинде дыйкан (фермер) чарбалары (8%) ички дүң продуктуга (кийин – ИДП) карата дүң наркынын салмагы боюнча экинчи орунда турат. Биринчи кезекте жеке ишкерлер (19,3%), ал эми чакан ишканалар (7%) менен орто ишканалар (3,9%) дыйкан (фермер) чарбаларынан кийинки кезекте өнүгүүдө. Укук жана экономика багытындагы адистердин айтымында, чакан жана орто ишкердик мамлекеттин экономикасынын көтөрүлүшүнө түздөн-түз таасирин берүүчү сектор болуп эсептелип, базар экономикасынын шарттарында өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасын туруктуу абалда кармап туруучу негизги тармак экендиги Германия, Япония, Улуу Британия ж.б. өлкөлөрдүн практикасы көрсөтүп жатат. Чакан жана орто ишкердик тармагында дыйкан (фермер) чарбаларынын үлүшү чоң болгондуктан, айыл чарбаны суу менен убагында камсыздоо, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырат. Ошондуктан айыл чарбаны үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо экономиканы чыңдоодо маанилүү.

Бактыбек ТУРСУНБАЕВ.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17