Аймак

КАЗАКСТАНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ РОЗ ОТУНБАЕВА КАТЫШТЫ

КАЗАКСТАНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ РОЗ ОТУНБАЕВА КАТЫШТЫ

 1,568 Бардыгы /

            НУР-СУЛТАН. Нур-Султан шаарында Казакстандын туңгуч Президенти – ЭлБашы Нурсултан Назарбаевдин жана мамлекет башчысы К-Ж. Токаевдин катышуусунда өткөрүлгөн “Шыктандырган өсүш: Адамдар, шаарлар, экономика” темасындагы XII Астана экономикалык Форумуна Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева дагы катышты.

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева “Туруктуу социалдык өнүгүгө жетүү үчүн санариптештирүү” Казакстандагы санариптештирү боюнча Эл аралык эксперттик Кеңешке, ошондой эле туруктуу өнүгү максаттары боюнча Биринчи Казакстан форумуна катышты. БУУ башка мүчө-мамлекеттери сыяктуу эле Казакстан камсыздоо милдеттенмесин өз мойнуна алган. Казакстандын улуттук ыкмасы жана ТӨМ (Туруктуу Өнүүгүү максаты) чөйрөсүндөгү жетишкендиктери 2019-жылдын июлунда БУУ Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги Саясий форумунда Ыктыярдуу улуттук отчет формасында берилет. “G-GlobalПлатформасы” пленардык стратегиялык сессиясында негизги спикер катары чыккан Роза Отунбаева Борбор Азия өлкөлөрүн экономикаларды диверсификациялоого интеграциялоо, сооданы кеңейтүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара инвестицияларды тартуу зарылчылыгын дагы баса белгиледи. Бул контекстте экс-Президент адам ресурстарын өнүктүрүүнүн, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуунун, жогорку технологиялар, IT жана жасалма интеллект чөйрөсүндөгү адистерди даярдоонун маанисин дагы баса белгиледи. Борбор Азия өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн G-Globаl платформасынын базасында туруктуу сессияларды уюштурууга чакырды.

“Аялдар илимде, инновацияларда жана бизнесте” панелдик сессиясында негизги спикер катары Розва Отунбаева Кыргыз аялдарынын өлкөнү демократиялык өнүктүрүүдөгү ролу туурасында кеңири айтып берди. Аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанисин баса белгилеп, аялдардын илимге, инновацияларга жана экономикалык өнүгүнө кошкон салымдарын жогорулатуунун жолдорун дагы сунуштады.

Роза Отунбаева АЭФ катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү, коргоо жана аэрокосмос өнөр жай министри А.К.Жумагалиев, “Жашыл технологиялардын жана инвестициялык долбоорлордун эл аралык борбору” УАКнын жетекчиси Р.С.Жошыбаев жана башка АЭФ катышкан эл аралык эксперттер менен дагы бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Астана Экономикалык Форуму — диалогүчүн Эл аралык жана Аймактык Платформа, штаб-квартирасы Астана шаарында, Казакстан. АЭФ Евразия окумуштууларынын экономикалык клубу жана Казакстан Өкмөтү тарабынан 2008-жылы уюштурулган. Ар жылы Астана (Нур-Султан) шаарында өтүп турат. Ал эми G-Globаl – дүйнө элдеринин бирдиктүү, ачык жана тең укуктуу диалогу аркылуу дүйнөлүк коомдоштуктун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Казакстанстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин Эл аралык демилгелерин жайылткан Өкмөттүк эмес уюм.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17