Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭКИНЧИ ӨТМӨК КУРУЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭКИНЧИ ӨТМӨК КУРУЛУУДА

 2,125 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында экинчи жер астындагы өтмөктү куруу иштери башталды. Ленин жана Н. Айматова көчөлөрүнүн кесилишинде узундугу 34 метр, туурасы 9 метрди түзгөн жер асты өтмөгүнүн курулуш иштеринин биринчи бөлүгү башталды. Бул тууралуу вице-мэр Болот Узакбаев билдирди.

Анын айтымында шаар мэриясы тарабынан тендерге жалпы 31млн.сом акча каражаты бөлүнгөн. “Сафари” ЖЧКсы 20млн 820миң сомго тендерден утуп алган. Жалпы курулуш иши 15 майда башталып,1-октябрга бүткөрүү пландалган.

Эске сала кетсек, алгачкы жер астындагы өтмөк борбордук Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде курулган. Анын ачылышы 2018-жылдын сентябрь айында өткөн. Жергиликтүү бюджеттен 13 миллион  сом бөлүнүп, өтмөктүн узундугу – 31 метр, а кенендиги 6 метрди түзгөн.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17