Аймак

МИРЗИЁЕВДИН КЫЗЫ БАСМА СӨЗ КЫЗМАТТАРДЫН ИШИН СЫНДАДЫ

МИРЗИЁЕВДИН КЫЗЫ БАСМА СӨЗ КЫЗМАТТАРДЫН ИШИН СЫНДАДЫ

 1,141 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёева өлкөдөгү мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтарынын ишин сынга алды. Ал жакында эле өкмөттүн алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалган.

Саида Мирзиёева «Фейсбуктагы» баракчасына адистердин пикирлери менен эл аралык тажрыйбаларды карап чыгып, «өлкөдөгү министрликтер менен мекемелердин басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгү төмөн бойдон калып жатканын» жазды.

«Басма сөз кызматтардын начар ишине жана жетекчилеринин көбү ЖМКлар менен сүйлөшүү керектигин түшүнбөгөндүгүнө байланыштуу өлкө жарандарына реформалардын жүрүшү тууралуу маалыматтар толук жетпей, президент менен өкмөттүн чечимдеринин маңызын жакшы түшүнбөй калып жатышат. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер жакшы чагылдырылбай, алар өлкө ичинде жана сыртында жетиштүү деңгээлде байкалбай калып жатат. Өз кезегинде бул чындыкка дал келбеген маалыматтардын, түрдүү жоромолдордун пайда болушуна алып келүүдө. Басма сөз кызматтардын мындай маалыматтарга тиешелүү реакцияларды жасабагандыгы калк арасында түшүнбөстүктөрдү жана нааразылыктарды жаратууда», — деп жазды Мирзиёева.

Президенттин кызы «басма сөз кызматтардын адамдык ресурстары менен материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» экенин белгилеп, бул багытта «кошумча нормативдик-укуктук документ» иштеп чыгып, кабыл алууну сушуштады.

Саида Мирзиёева быйыл 12-апрелде Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17