Аймак

АЛМАТЫ: INTERNETCA-2019 ФОРУМУНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ЖАНА САНАРИПТИК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНАТ

АЛМАТЫ: INTERNETCA-2019 ФОРУМУНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ЖАНА САНАРИПТИК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНАТ

 917 Бардыгы /

Алматыда 30-31-май күндөрү «InternetCA-2019 — Борбор Азияда интернетти өнүктүрүү» деп аталган форум өтөт.

Онунчу жолу өтө турган форумда ЖМКлардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу, сөз эркиндиги, «фейк» жаңылыктар, санариптик коопсуздук, жеке маалыматтардын сакталышы, кибермейиндиктеги санариптик тазалык, фактчекинг, кастыкты козутуу жана медиадагы ксенофобия маселелери каралат.

Мындан тышкары иш-чаранын катышуучулары маалымат каражаттарынын коомдогу жана 9-июнга белгиленген Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодогу ролун талкуулашат.

Форум MediaNet эл аралык журналистика борбору тарабынан уюштурулууда. Демөөрчүлөрдүн арасында ЕККУ программасынын Нур-Султандагы кеңсеси жана Конрад Аденауэр фонду дагы бар. Иш-чарага Германия, Сингапур, Чехия, Орусия, Украина, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн эксперттер чакырылган.

Он жылдан бери форумга 20 өлкөнүн 1700гө жакын эксперти, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, блогерлер, окумуштуулар, парламентарийлер, дипломаттар жана юристтер катышкан.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17