Аймак

АЛА-БУКА РИИБи ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ѲТКѲРДҮ

АЛА-БУКА РИИБи ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ѲТКѲРДҮ

 1,216 Бардыгы /

Ала-Бука РИИБнин жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы тарабынан «Спорт – менин ден соолугум» аталышындагы таймаш ѳткѳрүлдү. Спорттук мелдешке Ѳрүктү айыл аймагына караштуу 5 мектептин окуучулары катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында кылмыштуулукту, тартип бузууларды токтотуу, ынтымакты сактоо, зордук-зомбулукка жол бербѳѳ, улуттар арасындагы чыр-чатактын алдын алуу болуп саналат.

Жеңүүчүлѳргѳ Ала-Бука РИИБнин сыйлоо барактары, атайын кубок тапшырылды. Спорттук таймаштын алкагында ийгиликке жетишкендерди милиция куттуктап, алдыдагы акыркы коңгуроо күнүндѳ окуучуларды тартиптүү болууга чакырды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17