Аймак

АКСЫДА ЖАШТАРДЫН КОЛДООСУ МЕНЕН СПОРТТУК АЯНТЧА КУРУЛДУ

АКСЫДА ЖАШТАРДЫН КОЛДООСУ МЕНЕН СПОРТТУК АЯНТЧА КУРУЛДУ

 2,982 Бардыгы /

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында кичи спорт аянтчасы курулуп, колдонууга берилди.

Аталган аянтча элдин демилгеси менен, айылдан чыккан чыгаан жаштардын колдоосу менен курулган. Волейбол жана футбол  ойноого ылайыкташкан спорт аянтчасына жалпысынан 2 млн. сом жумшалган. Бул тууралуу Аксы жаштар кеңешинин төрагасы Эламан Кочкорбаев билдирди.

Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган ачылуу аземге Аксы райондук мамлекетик администрациясынын башчысынын I- орун басары Талантбек Эмилбек уулу жана райондогү айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышышты.

Ачылуу аземинин урматына спорттун волейбол түрү боюнча айыл өкмөттөр аралык мелдеш өткөрүлдү. Жалпы байге фонду 100 000 сомду түзгөн.

Оюндун жыйынтыгы менен 1-орунду Жаңы-Жол айыл өкмөтү, 2-орунду Жерге-Тал айыл өкмөтү, 3- орунду Кызыл-Туу айыл өкмөтү, 4-орунду Кызыл-Жар айыл өкмөтү багындырган.

Эске сала кетсек, Аксы районунда жалпы 11 айыл өкмөт, 1 шаар бар.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17