Аймак

БАТКЕНДЕ 330 МИҢ СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮ КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДЕ 330 МИҢ СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮ КАРМАЛДЫ

 873 Бардыгы /

 БАТКЕН. Кыргыз Чекара кызматынын Баткен облусундагы чекарачылары ири өлчөмдөгү аткезчилик жүгүн кармашты.

Маалыматка караганда, мамлекеттик чекара тилкесинен 200 метр алыстыктагы Казан-Кыр тилкесинен Кыргыз Чекарачылары ичинде Кыргыз жараны олтурган Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунааны байкап калып, дароо эле кармашты. Автоунааны текшеришкенде, анын ичинен 70 даана сыналгы табылды. Жүк ээси булардын документтерин көрсөтө алган жок. Бирок, ал жүгүн Чекара бекетин кыйгап мыйзамсыз алып өтүүгө далбаса жасаган. Эсептегенде,  жалпы жүктүн жалпы наркы 330 миң сомду чапчыды.

Жеринде протокол түзүлгөндөн кийин кармалган жаран Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17