Аймак

“СҮЛҮКТҮ” КӨМҮР КЕНИНЕ 1,5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТЫЛДЫ

“СҮЛҮКТҮ” КӨМҮР КЕНИНЕ 1,5 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТЫЛДЫ

 1,304 Бардыгы /

         БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадамаров Сүлүктү шаарындагы жаңыдан инвестиция тартып, ишин жандандырып жаткан “Сүлүктү” Ачык Акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Аталган ишкана быйылкы жылы Кытай мамлекетинен 1,5 миллион долларлык инвестиция тартууга жетишкен.

            Ошентип, “Сүлүктү”көмүршахтасы ири көлөмдөгү инвестиция тартуу менен техникаларын толугу менен жаңылады. Көмүр шахтасын кеңейтип, жаңы эки тилкени ачууга, көмүр өндүрүүнүн көлөмүн 20 миң тоннадан 50-60 миң тоннага дейре көбөйтүүгө жана шахтерлордун маянасын эки эсеге көбөйтүп, шахтачылар үчүн заманбап шарттарды түздү. Алардын коопсуздугу дагы толук кепилденди. Ушул тапта ишканада инвестициянын алкагында жумуштар башталып, алгачкы техникалар дагы алынып келинди. Аталган көмүр шахтасында аталган шаардын 50 тургуну жумуш менен камсыз этилди.  Сүлүктү шаарында ушул тапта 31 көмүр ишканасы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. 2018-жылдын жыйынтыгында бул ишканалар жалпы 126 миң тонна көмүр өндүрүшкөн. Кенчилер быйылкы жылы  130 миң тонна “кара алтын” өндүрүнү пландап жатышат. Аталган көмүр шахталары 2018-жылы мамлекетке 97 миллион сом салык төлөшкөн.

            Айтмакчы, Сүлүктү көмүрүнө суроо-талап абдан жогору. Анткени, Борбор Азияда  Сүлүктү көмүрү сапаты жагынан эң жогору бааланат. Өндүрлгөн “кара алтын” Баткен, Ош облустарынын  аймагына, ошондой эле Тажикстан менен Өзбекстанга экспортолот.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17