Аймак

ТАЖИКСТАНДЫКТАР ҮЧ АЙДА ПАСПОРТУН АЛМАШТЫРБАСА, СИМ-КАРАТАСЫЗ КАЛЫШАТ

ТАЖИКСТАНДЫКТАР ҮЧ АЙДА ПАСПОРТУН АЛМАШТЫРБАСА, СИМ-КАРАТАСЫЗ КАЛЫШАТ

 1,042 Бардыгы /

Тажикстандыктар паспортторун 2014-жылы чыкккан ID-паспортторго үч ай аралыгында, 1-августка чейин алмаштырышы керек. Эгер бул мөөнөттө үлгүрбөй калышса, алардын сим-карталары иштебей калат. Бул маселе тажик парламентинин төмөнкү палатасында кызуу талкуу жаратты.

Межлис төрагасынын орун басары Абдужаббор Азизи мөөнөт өтө кыска экенин, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты.

1996-жылкы үлгүдөгү паспорту барлар, документтерин 1-августка чейин алмаштырбаса, телефондору менен колдоно албай калышат, алардын сим-караталары жарактан чыгат.

Мындан тышкары мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, сим-караталарды башкаларга берүүгө тыюу салынат.

Учурда калктын үчтөн бир бөлүгү – 3 миллиондой жаран паспортторун алмаштыра эле. Буга байланыштуу депутаттар паспортторду алмаштыруу мөөнөтүн узартууну сунушташууда.

Бул арада ички иштер министринин орун басары Икром Умарзода министрлик бир айда 50 миңге чейин гана паспорт алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Сим-караталарды кайра каттоо маселеси былтыртадан бери талаш жаратууда. Бийлик бул кадамга коопсуздук жагдайларынан улам барып жатканын билдирсе, ага каршы тарап өкмөт бюджетти толтуруунун жаңы булактарын ойлоп табууда деген пикирде.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17