Аймак

АШХАБАДДА ОКУУЧУЛАР ОКУУ ФОРМАСЫ ҮЧҮН ЖАШЫЛ КЕЗДЕМЕ АЛУУГА МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

АШХАБАДДА ОКУУЧУЛАР ОКУУ ФОРМАСЫ ҮЧҮН ЖАШЫЛ КЕЗДЕМЕ АЛУУГА МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

 1,339 Бардыгы /

Окуу жылы аяктап баратканда Ашхабад шаарынын орто мектептеринин окуучу кыздары жашыл түстөгү кезедемелерди алууга милдеттендирилди.

«Ашхабаддын дээрлик бардык мектептеринде окуучу кыздарга жашыл түстөгү кездемелер таратылды. Матанын узундугу 2 метр. Андан окуучу кыздар өздөрүнө униформаларды тигиши керек. Көйнөктөрдү жаңы окуу жылына карата сентябрда кийишет», – деди «Азаттыктын» Ашхабаддагы кабарчысы.

Кездеменин баасы 75 манат турат, дүң базарларда ушундай эле товарды 50 манатка сатып алса болот. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манат турат. Униформаны тигүүгө кеминде эле 30 манат кетет.

Түркмөнстандын орто мектептеринде кыздар жашыл көйнөк, ак фартук жана такыя кийишет. Өлкөдөгү жогорку жана орто окуу жайлары бирдиктүү форма кийүүгө милдеттүү.

www.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17