Аймак

ФЕРГАНАДА ЭКОЛОГДОРДУ “ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНА” КИРҮҮГӨ МАЖБУРЛАШУУДА

ФЕРГАНАДА ЭКОЛОГДОРДУ “ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНА” КИРҮҮГӨ МАЖБУРЛАШУУДА

 873 Бардыгы /

Фергана облусунун экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин айрым кызматкерлери бийлик аларды “Өзбекстандын экологиялык партиясына” кирүүгө мажбурлап жатканын билдиришти.

Комитеттин кызматкери ондогон кесиптештери жумуштан кетирүү боюнча опузага кабылгандан кийин партияга кирүүгө аргасыз болушканын билдирди.

“Экопартия аз мурун Экологиялык кыймылдын базасында түзүлдү. Эгер партия 400 000 миң киши топтой албаса, иштей албайт. Буга байланыштуу жетекчилик бизди анын мүчөсү болууга мажбурлоодо. Ким мүчө болууну каалабаса, кара тизмеге киргизилет. Баары коркуп, партияга кирүүдө”, – деди ал.

Алар партияга ай сайын 2200 сум (0,3) өлчөмүндө мүчөлүк акы төлөөгө милдетендирилди.

Бул арада “Өзбекстан эколгиялык партиясынын” өкүлү партияга өз ыктыярлары менен келгендер гана кабыл алынып жатканын айтты.

“Өзбекстан экологиялык партиясы” 2019-жылы 8-январда Экологиялык кыймылдын базасында түзүлгөн. Партиянын сайтында мүчөлөрүнүн саны тууралуу маалыматтар жок. Өзбекстандагы расмий басылмалар 2008-жылы түзүлгөн Экологиялык кыймылдын 75 000 миң мүчөсү бар экенин маалымдашкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17