Аймак

БАЗАР-КОРГОНДО 25-МАЙГА КАРАТА ЖѲѲ ЖҮРҮШ ѲТКѲРҮЛДҮ

БАЗАР-КОРГОНДО 25-МАЙГА КАРАТА ЖѲѲ ЖҮРҮШ ѲТКѲРҮЛДҮ

 2,035 Бардыгы /

Бүгүн, 23-майда Базар-Коргон районунун Б.Осмонов кѳчѳсүндѳ окуучулардын  катышуусунда жѳѳ жүрүш ѳткѳрүлдү.

Базар-Коргон РИИБи тарабынан уюштурулган иш-чарага Базар-Коргон, Кеңеш, Сейдикум, Акман, жана Бешик-Жон айыл аймактарынын 7-11-класстарынын окуучулары катышты.

Жаш ѳспүрүмдѳргѳ карата үй-бүлѳлүк жана коомдук жайларда зордук-зомбулукту болтурбоо, мектеп рекетчилигинин алдын алуу багытындагы жѳѳ жүрүшкѳ катышкандардын саны 200дѳн ашты. Аларга алдыдагы акыркы коңгуроо күнүнѳ карата да кеп-кеңештер айтылып, мектептен сырткары ар түрдүү оюн-зоок, кечелерди уюштуруу, эс алуу жайларына барып кѳңүл ачуу, авто картеж менен кѳчѳ кыдыруу сыяктуу кѳрүнүштѳргѳ тыюу салынганын эскертишти.

Иш-чарага милициядан сырткары Базар-Коргон районунун акиминин орун басары З.Адишева, аксакалдар сотунун тѳрагасы А.Тойчиев,  райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Т.Усенов жана район активдери катышышты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17