Аймак

СУЗАК:  БИЙЛИК ѲКҮЛДѲРҮ БҮТҮРҮҮЧҮЛѲРГѲ ТҮШҮНДҮРМѲ БЕРИШТИ

СУЗАК:  БИЙЛИК ѲКҮЛДѲРҮ БҮТҮРҮҮЧҮЛѲРГѲ ТҮШҮНДҮРМѲ БЕРИШТИ

 1,165 Бардыгы /

Сузак райондук прокуратурасы менен Сузак РИИБи 25-майга карата мектептер арасында жолугушууларды ѳткѳрдү. Анда мектеп окуучуларына акыркы коңгуроо күнүндѳ ар түрдүү терс кѳрүнүштѳрдѳн алыс болууга чакырган сѳздѳр айтылды. Жолугушууга Сузак райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бѳлүмү, аксакалдар соту, жаштар кеңеши, аялдар кеңешинин ѳкүлдѳрү катышышты.

Милиция тарабынан парктар, эс алуучу жайлар кѳзѳмѳлгѳ алынаары белгиленди. Мындан сырткары бүтүрүүчүлѳрдүн кымбат машиналар менен сейил куруусуна жол берилбей турганы айтылды. Мектеп бүтүрүүчүлѳрү тарабынан акча чогултулуп, белек алууга жана алардын кѳңүл ачуучу жайларга барып, эс алууга мүмкүн эмес экендиги эскертилди.

 

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17