Аймак

ПРЕЗИДЕНТ ФОРУМДА КЫРГЫЗС ТАНДАГЫ ТАЗА СУУ КӨЙГӨЙҮН МОЮНДАДЫ

ПРЕЗИДЕНТ ФОРУМДА КЫРГЫЗС ТАНДАГЫ ТАЗА СУУ КӨЙГӨЙҮН МОЮНДАДЫ

 1,068 Бардыгы /

                        БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өткөн «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышты. Мамлекет башчысы анда сөз сүйлөп, өлкө аймактарын ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуунун негизги көйгөйлөрүнө жана аны чечүүнүн зарыл чараларына абдан кеңири токтолду.

            Форумда ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын президенти Сума Чакрабарти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын Азия боюнча вице-президенти Алан Пиллу, Швейцариянын Кыргызстандагы Элчиси Вероник Ульманн, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр, Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү  Болормаа Амгаабазар дагы чыгып сүйлөштү.

            Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Өкмөтү менен ЕРӨБ ортосунда суу тармактарын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга: Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын суу өткөрүү тутумдарын реабилитациялоо боюнча макулдашууга жана Жалал-Абад шаарынын суу өткөрүү тутумун жакшыртуу боюнча макулдашууларга дагы кол коюлду. Бул инвестициялык эки долбоордун жалпы суммасы 15 миллион еврону түзөт.

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17