Аймак

ОРУСИЯ БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫНА КУРАЛ-ЖАРАК ЖӨНӨТӨТ

ОРУСИЯ БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫНА КУРАЛ-ЖАРАК ЖӨНӨТӨТ

 1,636 Бардыгы /

Орусия Борбордук Африка Республикасына курал-жарактын экинчи партиясын жөнөтөт. Бул тууралуу эл аралык RFI француз радиосу кабарлады.

Аталган өлкөдөгү орус элчилигинин өкүлү Виктор Токмаковдун айтымында, Москва Борбордук Африка Республикасына кайтарымсыз негизде ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды жөнөтөт.

RFI радиосунун маалыматына караганда, Орусиянын 30 офицери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бул африкалык өлкөдөгү тынчтык орнотуу миссиясына катышат. Токмаков анда так маалыматтар жок экенин айтып, бул билдирүүнү ырастаган жок.

Ал ортодо Борбордук Африка Республикасынын президенти Фостен-Арканж Туадер Орусия аскердик колдоодон тышкары өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү иштерине катышуу милдеттенмесин дагы алганын билдирди.

​Орусия Борбордук Африка Республикасына алгачкы жолу 2018-жылы кышында курал-жарак жөнөткөн. Анда ал миңден ашык адамды куралдандырууга жеткени кабарланган.

Былтыр июлдун аягында аталган өлкөдө «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» тууралуу документалдык тасма тартып жүргөн үч орусиялык журналист каза болгон. Михаил Ходорковскийдин «Досье» тергөө борбору журналисттердин өлүмү алдын ала пландалган деп эсептейт. Борбордун маалыматына караганда, бул кылмышка орусиялык жалданмачылардын тиешеси бар болушу мүмкүн. Бирок Орусиянын Тергөө комитети бул маалыматты четке кагып, журналисттер тоноо маалында өлтүрүлгөн деген версияны айтып келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17