Аймак

ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЙЛЫК АКЫСЫ ЖОГОРУЛООДО

ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЙЛЫК АКЫСЫ ЖОГОРУЛООДО

 2,930 Бардыгы /

Бүгүн 25-майда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери айлык акынын көбөйүшү жана кошумча төлөмдөр боюнча маалымат беришти.

2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин милдеттеринин натыйжалуулугун күчөтүү, аларды саламаттыкты сактоо мекемелерине жана айыл жергесине тартуу максатында айлык маянасын жогорулатуу механизми ишке кирген.

Алардын иштери 12 индикатор менен бааланат. Анын приоритеттүү багыттары: эне-банаы коргоо, кан-басымынын жогорулашы, кант диабети ооруларынын алдын алуу жана дарылоо боюнча индикаторлор иштелип чыккан.

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу боюнча 2018-жылдын октябрь айынан 2019-жылдын март айына чейин 124,6 млн сом акча каражаты сарпталган.

Алардын орточо айлык маянасы бардык кошумча акылар менен өткөн жылдын октябрь айынан тарта 11300 сомду түзгөн. Индикаторлорду толтуруп, эл менен тыгыз иштешкен сайын айлык акылары да жогорулайт.

Эске сала кетсек, индикаторлор – үй-бүлөлүк дарыгерлердин калкка күнүмдү көрсөткөң медициналык жардамын чагылдырып турат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17