Аймак

БҮГҮНКҮ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН АНЫКТАШАТ

БҮГҮНКҮ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН АНЫКТАШАТ

 1,561 Бардыгы /

ОШ.  Ош шаарына караштуу №3- М. Ю. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын бул жолку бүтүрүү кечеси адаттагыдан тыш нукта жүрдү. Агартуу журтун чейрек кылым мурда бүтүргөндөр адегенде ынтымак жүрүшүн жасашты. Ал эми ата-энелер бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө бекем үмүт артып, Кыргызстандын келечегин дал ушулар аныкташат деп тилешти.

– Бүгүн – баарыбыз үчүн өзгөчө күн! Жыйырма беш жыл мурун мектебибизди бүтүргөндөр моминтип билим журтунда кайрадан жолугушуп олтурушат. Ошол эле мезгилде 11-класттын 50 бүтүрүүчүсү мектеби менен коштошуп, турмуштун улуу жана узак сапарына аттанып жатышат, – деп агынан жарылды  Ош шаарына караштуу №3-М. Ю. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын директору Гүлмира Осекова. – Албетте, акыркы коңгуроо менен эле жашоо түгөнбөйт. Сөзсүз андан ары дагы уланат. Андыктан, ириде өзүңөрдү аягыла? Ошондой эле билимиңерди дагы убагында баалагыла! Ылайым мындан аркы турмуш сапарыңар байсалдуу жана акжолтой болсун!

– Убакыт учкан куш турбайбы. Ош шаарына караштуу №3- М. Ю. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясын бүтүргөнүбүзгө моминтип жыйырма беш жыл толуптур. Тагдыр экен, ар кимибиз ар өлкөдө жашап жана эмгектенип жүрөбүз. Маселен, мен Орусиянын Оренбург шаарынан Ошко атайын келдим, – деп көзүн жашылдантты Эльмира Асадуллина. – Кыргызстанымды сагынганымды айтпа! А кластташтарымды андан беш бетер! Эми, буюрса, черибиз жазылганча сүйлөшүп, балалыгыбызды байма-бай эскерип, бир жашарат экенбиз да.

– Ошентип турмуштун улуу сапарына аттанып олтурасыңар. Канткен күндө дагы жашоо үчүн күрөштүн бардык сыноосуна чыдагыла? Эң башкысы: баарыңардын кыялдарыңар катарынан орундалсын! – деп бүтүрүүчүлөргө ак жол тиледи ата-энелердин атынан сүйлөгөн Топчубай Досбаев. – Айланайындар, бир нерсени таптакыр унутпагыла? Бүгүнкү муун Кыргызстандын келечегин аныктайсыңар! Андыктан, кесипти туура тандап, болочогуңарды эмитен так тандагыла?

– Албетте, Сиздердин үмүтүңүздөрдү толук кандуу актаганга сөзсүз күч үрөйбүз! – деп классташтарынын атынан катуу убадалады Ош шаарына караштуу №3- М. Ю. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын 11-классынын бүтүрүүчүсү Сыймык Жолдошев. – Муну үчүн айрымдарыбыз окууга тапшырсак, кээ бирибиз эмитен эле жумушка орношуп, бир дагы күнүбүздү текке кетирбегенге ыктайбыз. Жашырып не. Мындан башка жолубуз жок! Убакыт тар. А өмүр деген абдан чектелүү

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында 77 мамлекеттик жана жеке менчик мектеп бар. Буларды быйыл 6413 окуучу бүтүрдү. 11-кластты 1727 улан-кыз, ал эми 9-классты 4686 улан-кыз аяктады.

           

 

       

                  Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17