Аймак

КЫЗ АЛА КАЧУУНУН, ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛЕТ

КЫЗ АЛА КАЧУУНУН, ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛЕТ

 887 Бардыгы /

Бишкекте бүгүн кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктары эскерилет. Уюштуруучулардын бири Гүлайым Айылчынын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул күн Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнүн бир жылдыгына байланыштуу тандалып алынды.

«Башкы максат – кыргыз коомчулугундагы мүшкүл тууралуу айтуу. Аялдарды, кыз-келиндерди никеге мажбурлоо маселеси дагы эле бар экенине көңүл буруу. Бир чети Бурулай Турдаалы кызынын жылдыгы. Биз эскерүүнү он гүлүнүн бири ачыла электе ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайга арнадык. Кыз ала качуу, мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу терс көрүнүштөргө карата жаза күчөтүлгөнү менен көйгөйдүн тамыры дагы эле кыркыла элек», – деди Гүлайым Айылчы.

Интернетте активисттер элди зордуктун курмандыктарын эскерүүгө чакырып, бир күн бою баш калаадагы Уркуя Салиеванын айкелинин алдына келип, гүл же оюнчук калтырып кетсе болоорун айтып жатышат.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы туура бир жыл мурда, 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Былтыр декабрда Свердлов райондук соту бул окуя үчүн Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Азыр милиция кызматкерлеринин үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17