Аймак

НАМАНГАНДА МАЖБУРЛАП АТКАРТУУ БЮРОСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ТҮНГӨ ЧЕЙИН ИШТӨӨГӨ МАЖБУРЛАШУУДА

НАМАНГАНДА МАЖБУРЛАП АТКАРТУУ БЮРОСУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ТҮНГӨ ЧЕЙИН ИШТӨӨГӨ МАЖБУРЛАШУУДА

 1,054 Бардыгы /

Наманган облусунун Уйчин райондук мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери жетекчилик таңдан кечке чейин мажбурлап иштетип жатканына даттанышууда.

Өзбекстан Эмгек кодексине ылайык, ченемден ашык иш эки тараптын макулдугу менен жүзөгө ашуусу керек.

Уйчин райондук мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлери жолдогон кайрылууда, жетекчилик аларды таңкы 5:30дан түн жарымына чейин иштетип жатканы айтылган. «Эрте бошотууну суранганыбызда алар ачык эле «арыз жазып кете бергиле» дешүүдө. Бир айдан бери тынч ала элекпиз», – деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросунун маалымат катчысы Фаррух Ташпулатов абалды өз көзөмөлүнө алууга убада берди.

–Эгер алар күн ичинде өз ишин аткарып үлгүрбөсө, биз алардын жумушта калуусуна уруксат беребиз. Иш убактысы 18:00дө бүтөт. Эгер кызматкер дем алыш күндөрү же нормадан тышкары иштесе, Эмгек кодексине ылайык, ал кошумча акча алат, – деди Ташпулатов.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17