Аймак

ПРЕЗИДЕНТ БИЙЛИКТИН ҮЧ БУТАГЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ СҮЙЛӨШТҮ

ПРЕЗИДЕНТ БИЙЛИКТИН ҮЧ БУТАГЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ СҮЙЛӨШТҮ

 1,393 Бардыгы /

БИШКЕК.  Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөбүздө күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикирлер алмашылды. Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги бутактарынын жетекчилерине өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны ыкчам жүргүзүүнү атады. Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын дагы өзгөчө баса белгиледи.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17