Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,388 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору К. А. Джунушалиевдин дарегине сын-пикирлер акыркы күндөрү «Азия news» гезитинде бир нече жолу жана башка жалпыга маалымат каражаттарында да жарыяланган. Биз, Жалал-Абад ОИИБнин ардагерлер кеңеши (ШРИИБнүн төрагалары) бул ИИМ Министринин ишмердүүлүгүнө айтылган сын-пикирлер менен таанышып, өзүбүздүн ой-пикирибизди билдирүүгө туура келди. Жогорудагы коомдук ишкерлер, КСДП партиясынын мүчөлөрү, […]
1,389 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору К. А. Джунушалиевдин дарегине сын-пикирлер акыркы күндөрү «Азия news» гезитинде бир нече жолу жана башка жалпыга маалымат каражаттарында да жарыяланган. Биз, Жалал-Абад ОИИБнин ардагерлер кеңеши (ШРИИБнүн төрагалары) бул ИИМ Министринин ишмердүүлүгүнө айтылган сын-пикирлер менен таанышып, өзүбүздүн ой-пикирибизди билдирүүгө туура келди. Жогорудагы коомдук ишкерлер, КСДП партиясынын мүчөлөрү, […]
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК ИИОнун АРДАГЕРЛЕР КЕҢЕШИ «АЗИЯ NEWS» ГЕЗИТИ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ
28.05.2019 / Автор aymak1,390 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору К. А. Джунушалиевдин дарегине сын-пикирлер акыркы күндөрү «Азия news» гезитинде бир нече жолу жана башка жалпыга маалымат каражаттарында да жарыяланган.
Биз, Жалал-Абад ОИИБнин ардагерлер кеңеши (ШРИИБнүн төрагалары) бул ИИМ Министринин ишмердүүлүгүнө айтылган сын-пикирлер менен таанышып, өзүбүздүн ой-пикирибизди билдирүүгө туура келди.
Жогорудагы коомдук ишкерлер, КСДП партиясынын мүчөлөрү, жарандык активисттер жана ЖКнын экс-депутатынын газеталарга жарыялаган сын пикирлери ички иштер министри К. Джунушалиевдин гана ар-намысына жана кадыр баркына шеек келтирбестен, алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин жалпы кызматкерлерине жана ардагелерине шеек келтиришип, негизсиз такталбаган маалыматтарды жарыялагандыгы жалган жалааларды койгондук деп эсептейбиз.
Азыркы күндө ИИМде реформалоо иштери өз ыгында жүргүзүлүп жатат, себеби борбордук аппараттан штаттар кыскартылып, алар ШРИИБлерге берилип, участкалык инспекторлор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун катарын көбөйттү. Бул өз учурунда мамлекетибиздин бардык аймактарында кылмыштуулуктун алдын алууда жана элдин коопсуздугун сактоодо, эл менен тыгыз жакындан иштешүүгө багытталган.
К. Джунушалиев ИИМдин министри болуп дайындалгандан кийин биздин Жалал-Абад областына ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы С. Жоошбаев менен биргеликте келишип, жөнөкөй гана «Бус» автоунаасы менен областтагы бардык район-шаарларга барышып, өздүк курам жана ардагерлер, коомчулук менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлүү маселелерин жайында угуп, жакындан ой-пикирлер алышуулар болгон. Биз, ардагерлер мындай көрүнүштү мурда көрбөгөнбүз, себеби мурдагы министирлер «Бус» автоунаасында жүргөнүн көргөн эмесбиз, алардын кээ бирлери район-шаар тургай, областка да келгенэ мес.
К. Джунушалиев министр болгондон тартып Жалал-Абад областында 2 аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты курулуп иштөөгө киргизилди, кызматтык 8 даана автоунаалар бөлүнүп берилди, булар да кылмыштуулуктун алдын алууга жана элдер арасында коопсуздукту сактоого өтө чоң көмөк көрсөтүп, андан сырткары милиция кызматкерлеринин иштөө шарттары жакшыртууга алынууда.
Ошондой эле, ардагерлер үчүн чоң камкордук көрүлүп жатат, мисалы: 2018-жылдын декабрь айында министрдин колдоосу менен Жалал-Абад ОИИБнин медициналык кызматында 10 орундук стационардык госпиталь ачылып иштей баштады, азыркы күндө госпиталда ардагерлер жана катардагы кызматкерлер келишип бекер даарыланышып ден-соолуктарын чыңдоодо. Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБда элге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында «Бирдиктүү терезе» аталыштагы мамлекетти ккызмат көрсөтүү бороруачылып, учурда алгылыктуу иштеп жатат.
Биз, ИИМдин ардагерлери көп жылдык өмүрүбүздү ушул кызматка багыттап, элибиздин бейпил турмушу, коомдун коопсуздугуүчүн кызмат өтөдүк. Милиция органында иштөө өтө оор жана жооптуу, айлык маянасы башка күч органдарында иштегендерге караганда аз өлчөмдө болгонуна карабастан, мекенчилдик менен күнү-түнү майрамдарды билбестен элдин гана коопсуздугун сактап кызматта болушат. Бардык өткөн коогалаңдуу окуяларда биринчи катарда милиция кызматкерлери туруп келген, атап өтсөк Баткен, Чаткал жана башка коогалаңдуу улуттар аралык окуясында, 2 революцияда канчалаган милиция кызматкерлери курман болушкан. Ошондой коогалаңдуу окуялар күндөрү көрсөткөн кызматыбыз эми бааланбай калабы? Газетага сын-пикирлерин жалган жалааны кошуп көрсөтүп жазышкан атка-минерлер эл үчүн күйүшсө, чыныгы элдик патриот болушса ички иштер органынын кызматкерлеринин эмгегин туура баалашып, эске алып коюшса болмок.Алардын газетадагы сын-пикирлерин талдап көрсөк, бир тараптуу саясатташкан көрүнүштөр, эч кандай фактылары жок курулай доомат экендиги байкалат. ИИМдин жетекчилигине шек келтирген сүрөт жана бир жактуу макалалар коомго жакшылык алып келбейт.
Ушундай жакшы иштер колго алынып аткарылып жаткан учурда ИИМдин кадыр-баркына көө сүйкөгөндөргө эмне жоопкерчилик жокпу?
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору К. А. Джунушалиевдин дарегине «Азия news» гезитинде жарыяланган сын-пикирлерди Жалал-Абад ОИИБнин ардагерлер кеңеши негизсиз деп эсептеп, аларга мыйзамдуу чара кабыл алынууну суранат!
Биз ИИМдин ардагерлери элибиздин коопсуздугу жана мамлекетибиздин бүтүмдүгү үчүн кандайгана кырдаал түзүлбөсүн, ар дайым өзүбүздүн салымыбызды кошууга даярбыз.
Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңеши
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
30.06.2023 / Автор anarkan_kg АСМАН ШААРЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛАТ
-
-
07.08.2023 / Автор anarkan_kg «ОШ СИТИ» АКЫЛДУУ ШААРЧАСЫН КУРУУ СУНУШ ЭТИЛДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.