Аймак

СЕРГЕЙ ШОЙГУ ДУШАНБЕГЕ БАРДЫ

СЕРГЕЙ ШОЙГУ ДУШАНБЕГЕ БАРДЫ

 1,398 Бардыгы /

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстандын аскердик-саясий жетекчилери менен жолугушуу үчүн бүгүн Душанбеге барды. Анда ал өлкө президенти Эмомали Рахмон жана аскердик мекемелердин жетекчиликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Россияна Марковскаянын билдиришинче, жолугушуулардын жүрүшүндө Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана өлкөдөгү 201чи орусиялык аскердик базаны жаңы техникалардын үлгүлөрү менен жабдуу маселелери талкууланат.

Сергей Шойгу бул сапарынын алкагында Тажикстандагы орус аскердик базасына барууну пландап жатат. Бир нече күн мурда ал бул базаны чыңдоо зарылдыгын белгилеп, мындай чараны Ооганстандан келип жаткан террордук коркунучтар менен түшүндүргөн.

2015-жылы Орусиянын Тажикстандагы базасына сокку уруучу жана аскердик-транспорттук тик учактар жеткирилген. Эки жылдан кийин анда «Ураган» деп аталган ракеталык система пайда болгон. Москва менен Душанбенин ортосундагы макулдашууга ылайык, Орусиянын армиясы Тажикстанда кеминде 2042-жылга чейин калат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17