Аймак

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ КАЗАКСТАН, ИНДИЯ ЖАНА САУД АРАБИЯГА САПАРЛАЙТ

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ КАЗАКСТАН, ИНДИЯ ЖАНА САУД АРАБИЯГА САПАРЛАЙТ

 1,229 Бардыгы /

 

         БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабияны кыдырат. Бул жөнүндө Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымдады.

            28-29-майда Нур-Султан шаарында Сооронбай Жээнбеков  Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мааракесине катышат. Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү жыйырма чакты документти талкууланып, кабыл алынат. Бул сапарынын убагында Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын ачык-айкын талкуулайт.

            Ал эми 30-майда Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Президент Сооронбай Жээнбеков бул өлкөгө сапарлайт. Анын жүрүшүндө индиялык жолбашчынын ант берүү аземине катышат. Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзөт.

            Буга улай 31-майда Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Мамлекет башчысы Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтчү Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат. 
Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өткөрүлөт.

 

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17