Аймак

ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАНДА АЙДАРКӨЛДҮН ЖАНЫНА АЭС КУРАТ

ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАНДА АЙДАРКӨЛДҮН ЖАНЫНА АЭС КУРАТ

 1,801 Бардыгы /

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Өзбекстанда 2020-2021-жылдары атомдук электр станция (АЭС) курулушун баштоону пландап жатканын ырастады.

Корпорациянын башчысы Алексей Лихачевдун айтымында, бул үчүн Жизак облусунун Фариш районундагы Айдаркөлдөн алыс эмес жердеги аянт тандалган.

«Бир нече вариант каралган, аягында ушул жерге токтолдук. Бирок атомдук блокту Айдаркөлгө курууга лицензия алгандан кийин гана акыркы чечим деп айтсак болот. Биз 2020-жылдын аягына чейин бардык уруксат кагаздарын алып, курулуш иштерин 2020-2021-жылдары баштайлы деп турабыз», — деди Лахачев.

Айдаркөл – Өзбекстандын түндүк-чыгышындагы суу агып чыкпаган ири көл. Ал 1960-жылдардын башында Сырдарьяны тоскондон кийин пайда болгон. Азыр бул суусу тартылып кеткен Арал деңизинен кийинки көлөмү жагынан аймактагы экинчи көл болуп эсептелет.

Өзбекстанда АЭС куруу маселеси өткөн кылымдын 80-жылдары эле көтөрүлгөн. Бирок жер силкинүү коркунучу жогору болгондуктан, кийинкиге калтырылган. XXI кылымдын башынан тарта станция курууга Орусиянын «Росатом» корпорациясы кызыгып, 2017-жылы декабрда эки өлкөнүн өкмөттөрү АЭС куруу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Алгач станцияны Тудакөл суу сактагычында куруу каралып, бирок кийин ал Айдаркөлгө алмаштырылган. План боюнча АЭС 2030-жылга чейин пайдаланууга берилиши керек. Анын курулушуна Орусия Өзбекстанга насыя берет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17