Аймак

ЧЕТ ЭЛДИК ДЕМӨӨРЧҮЛӨР КУРГАН МЕКТЕПТИН ТАГДЫРЫ

ЧЕТ ЭЛДИК ДЕМӨӨРЧҮЛӨР КУРГАН МЕКТЕПТИН ТАГДЫРЫ

 2,760 Бардыгы /

Ноокенде Ассалам фонду курган даяр мектеп эки жылдан бери колдонууга берилбей, бош турат.

Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында мындан дээрлик эки жыл мурда, тактап айтканда 2017-жылдын октяюбрь айында жаңы мектептин ачылышы болгон. 170 орундуу жатак мектеп, чет элдик демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен салынып бүткөрүлүп, “Иса Ахмад ал Ажил” деген ысым ыйгарылган. Ошол кездеги массалык маалымат каражаттарына чыккан материалдарда ага 51 миллион сом каражат кеткендиги айтылган. Демөөрчүлөр айылга бир мечит жана жакыр, муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн деп жатак мектеп курушкан. Ачылыш аземине областык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан жана жакын арада документ иштери бүткөндөн кийин окуучулар кабыл алына баштайт деп билдиришкен эле. Бирок дээрлик эки жыл убакыт өтүп мектеп дагы деле колдонууга берилбей бош турат.

Бул боюнча Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбек Эшенкулов президенттин саясатына каршы келгендиктен бала бакчага айландырышканын билдирди.

-“Балдар үчүн жатак мектепти ачуу президенттин саясатына каршы келет экен. Министрликтен бизге жатак эмес, 4 жылдык башталгыч мектеп кылып ачууга уруксат келген. Бирок андай мектепке муктаждык жок. Быйылкы жылдын башында жатаканасын бала бакча кылып ачууга уруксат алдык. Эми мектептин өзүн деле бала бакча кылууга уруксат сурап жатабыз. Анткени айыл аймак 70 пайыз гана бала бакча менен камсыз болгон, муктаждык бар.Качан анык болуп чечилери белгисиз”.

Учурда 90 балага ылайыкташып ачылган бала бакчага 100 бала кабыл алынган.

Мектептин сырткы көрүнүшү.

Ачылыш аземинен архив сүрөт.

Роза Акматжан кызы “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17