Аймак

АРАВАНДАГЫ ЧЕКАРАДА ЧЫР КАТТАЛДЫ

АРАВАНДАГЫ ЧЕКАРАДА ЧЫР КАТТАЛДЫ

 1,495 Бардыгы /

            ОШ. 31-майында Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак жеринде курал колдонулган чыр-чатак катталды. Бул туурасында Кыргыз Мамлекеттик чекара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек ара кезмети чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын байкаган. Ал автоунаалар чек ара кезмети тарабынан токтотуу талабына таптакыр көңүл бурбай койгондо, Кыргызстандын чек ара кезмети  асманга эскертүү ок атышкан. Эскертүүгө карабастан автоунаалар андан ары жолун улаган. Ошондуктан, Кыргызстандын чек ара кезмети  автоунаанын дөңгөлөгүнө ок чыгарууга аргасыз болгон. Натыйжада мындан улам Өзбекстандын бир жараны ошерден жаракат алган. Жараланган жаран Өзбекстандын Мархамат райондук оруканасына дароо жеткирилген.

Жогоруда орун алган жаңжал боюнча тез аранын ичинде Кыргыз Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-чек ара аскерлеринин колбашчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө бул инцидентти биргелешип териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жаңжал чыккан аймакка чек ара өкүлдөрүн жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Ушул тапта орун алган жагдайды тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча чек ара өкүлүнүн Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу жүрүп жатат.

 

 

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17