Аймак

БЕЛГИЛҮҮ РЕЖИССЕР БОЛОТ ШАМШИЕВ “АКЫЙКАТ” МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

БЕЛГИЛҮҮ РЕЖИССЕР БОЛОТ ШАМШИЕВ “АКЫЙКАТ” МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

 1,552 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын тиешелүү буйругуна ылайык, СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев “Акыйкат” медалы менен сыйланды. Акыйкатчы Аппаратынын эмгек жамаатынын алдында Б.Шамшиевге “Акыйкат” медалы тапшырылды.

Акыйкатчы Токон Мамытов Болот Шамшиевдин чыгармаларында адам укуктарынын маселелери таасын чагылдырылганын баса белгиледи. Болот Шамшиев ыраазычылык сөзүн билдирип, КР Акыйкатчы институтун – келечектин институту деп атады.

Ал укук коргоочулар ар убакта жашап келишкенин, алар өз акыйкаттыгы үчүн күрөшүп, чындык үчүн чыркыраган адамдардын тагдырлары тууралуу айтты. Белгилүү кинорежиссерге Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери ар түрдүү суроолорун узатышты жана мазмундуу, кызыктуу жоопторду алышты.

Б.Шамшиев “Эсимде” деген жаңы жазылган романы тууралуу да кеп козгоду. Анын башкы каарманынын кейипкери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына негиз салуучу, белгилүү юрист-окумуштуу Карпек Курманов экенин ортого салды. Ошондой эле, андан башка да тарыхый инсандар камтылганын белгиледи. Бул чыгармасы теле же киносериал үчүн ылайыкталып жазылганын белгилеп, уландысы болооруна токтолду.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Болот Шамшиевге ыраазычылык билдиришип, ага бакубат ден соолук каалашты. Ошондой эле, Болот Шамшиевдин сыясы кургай элек жаңы китебине автограф алышты.

Эске салсак, Болот Шамшиев буга чейин кыргыздын “Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” ж.б. кинотасмаларын жараткан.

Акыйкатчылардын басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17