Аймак

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ, КӨРКТӨНДҮРҮҮНҮН 3 АЙЛЫГЫ КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК БЕРДИ

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ, КӨРКТӨНДҮРҮҮНҮН 3 АЙЛЫГЫ КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК БЕРДИ

 2,526 Бардыгы /

Жалал-Абадда жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн жарыяланган 3 айлык жыйынтыкталды. Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйынга Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жетекчилик кылып, жалпы областтагы район-шаар жетекчилери катышты. Жыйында жумуш аткарылганы менен өкүлчүлүккө кагаз жүзүндө отчёт жетпей калганы маалым болду.

Мисалга айлана чөйрөнү коргоо агентиги тарабынан эле Жалал-Абад областына даарктын 16 түрүн камтыган 81 миң көчөт берилген болсо, кагаз жүзүндө берилген отчётто 55 миң 447 көчөт эгилген. Ошондой эле, Тогуз-Торо району менен Кара-Көл шаарында эгилген көчөттөр боюнча маалымат жумушчу топко берилген эмес.

Жумушчу топтун кыдыруусунда областта таштанды палигондору жетишсиз экени маалым болгон. Бирок палигон үчүн даярдалган 6 объектин бирөөсүнүн гана документтери трансформацияга берилген.

Жыйын учурунда жайкы туризм сезонуна карата кайра эле тазалык жана башка иштер аткарылышы керектиги айтылды. Аны менен катары Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков “Жумушчу топтун берген отчётуна канааттанган жокмун” деп билдирди. Ошондой эле аткарылган жумуштар боюнча так маалыматты өз учурунда берүүгө чакырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17