Аймак

ТАШКЕНТТЕ ДАРЫГЕРЛЕР РЕМОНТ ҮЧҮН АКЧА ЧОГУЛТУУГА МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

ТАШКЕНТТЕ ДАРЫГЕРЛЕР РЕМОНТ ҮЧҮН АКЧА ЧОГУЛТУУГА МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

 1,414 Бардыгы /

Ташкентте Онкология жана радиология борборунун филиалынын  ремонт үчүн акча төлөбөгөн дарыгерлери бейтаптарды кабыл алуу жана операция жасоо укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Ар бир дарыгер болжол менен ремонт үчүн 150 доллар төлөөгө милдеттендирилген.

Дарыгерлер Теlegram​ мессенжери аркылуу келген билдирүүнүн скриншотун таратышты.

“Директордон буйрук келди. Кафедрага өз эсебибизден ремонт жасашыбыз керек. Нигара Эргешова экөөбүз усталар менен макулдаштык. Эки кафедранын ремонту 10 000 000 сум (1200 АКШ доллары) болот. Ар бир кызматкерден 1 286 000 сумдан (150 АКШ доллары) чогултуу керек. Жетекчилик буга каршы чыккан дарыгерлердин бейтаптарды кабыл алышына тыюу салынарын эскертти. 2-3 күн аралыгында баардык дарыгерлер акча берүүгө милдеттүү”.

“Азаттыктын” өзбек кызматы онкология кафедрасынын ассистенти Уктам Курбанкуловго байланышканда, ал “эгер менин билдирүүмдү жарыяласаңар, мен силдерди сотко берем” деп опузалады.

Онкология кафедрасынын бөлүм башчысы Нигара Атаханова ремонт үчүн дарыгерлерден акча чогултулуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17