Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,367 Бардыгы / Oрусия өкмөтү Байкоңур космодромунан “Союз-2” ракеталарынын калдыктары түшө турган жер боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишимдин долбоорун жактырды. Жаңы трасса космодромдун түндүк бөлүгүндө жайгашкан, ага ылайык, ракета калдыктары Казакстандын Костанай облусуна түшөт. Кеп болуп жаткан аймак Орусия менен Казакстандын ортосундагы негизги ижара келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалы билдирүүдө. Макулдашуунун тексти укуктук […]
1,368 Бардыгы / Oрусия өкмөтү Байкоңур космодромунан “Союз-2” ракеталарынын калдыктары түшө турган жер боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишимдин долбоорун жактырды. Жаңы трасса космодромдун түндүк бөлүгүндө жайгашкан, ага ылайык, ракета калдыктары Казакстандын Костанай облусуна түшөт. Кеп болуп жаткан аймак Орусия менен Казакстандын ортосундагы негизги ижара келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалы билдирүүдө. Макулдашуунун тексти укуктук […]
ОРУСИЯ РАКЕТА КАЛДЫКТАРЫ ТҮШӨ ТУРГАН ЖЕР ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМДИ ЖАКТЫРДЫ
04.06.2019 / Автор aymak1,369 Бардыгы /
Oрусия өкмөтү Байкоңур космодромунан “Союз-2” ракеталарынын калдыктары түшө турган жер боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишимдин долбоорун жактырды.
Жаңы трасса космодромдун түндүк бөлүгүндө жайгашкан, ага ылайык, ракета калдыктары Казакстандын Костанай облусуна түшөт. Кеп болуп жаткан аймак Орусия менен Казакстандын ортосундагы негизги ижара келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалы билдирүүдө.
Макулдашуунун тексти укуктук маалыматтар сайтында жарыяланды, келишим беш жылга түзүлгөн.
Документке ылайык, “Союз-2” ракеталары Байкоңурдан 1-апрелден 30-июнга чейинки башка убакыттарда, жыл бою учурулат. Космодромду ижарага алган “Байтерек” ишканасы ракета учурула турган маал тууралуу элди алдын ала кабардар кылып, керек учурда тургундарды көчүрүүгө, ракета калдыктары түшкөн жерди убагында тазалоого милдеттүү. Мындан тышкары Орусия ракета учурулгандан кийин пайда болгон өрттү өчүрүүгө, ракета майлары менен ууланган жерлерди тазалоого тийиш.
Ракета калдыктары түшө турган жаңы аймак үчүн Орусия Казакстанга жылына кошумча 460 миң доллар төлөйт.
Орусия ракета калдыктары түшө турган жерлерди ижарага алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы 2018-жылдын башында белгилүү болгон. Казакстандын коргонуу жана аэрокосмостук өндүрүш министри Бейбут Атамкулов ракетанын калдыктары түшкөн аймакта экологиялык абал өзгөрбөйт деп ишендирген.
Бирок экологдор ракета калдыктары Костанай облусундагы Жангелди районуна түшөрүн, ал жерге жакын аймакта “Алтын дала” жаратылыш коругу жайгашканын билдиришүүдө.
Атамкулов ракеталарды учуруу сайгактар үчүн коркунуч жаратпай турганын айткан:
– Эгерде чечим кабыла алынса, үч жылда жети гана жолу ракета учурулушу мүмкүн. Анда жаңы, экологиялык жактан таза, кычкылтектүү керосин менен иштеген кыймылдаткыч колдонулат. Экологиялык коркунуч болот деген, чынын айтсам, бул – жөн эле фобия. Мына, 60 жылда 2,5 миңдей ракета учурулду.
Орусия Байкоңур космодромун 1994-жылдан бери пайдаланат. Казак космодромунун бир жылдык ижара акысы 115 миллион доллар. 14 жылда Орусия Казакстанга 2,6 миллиард доллар төлөп берген.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
06.09.2023 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДАК КОРГОНУУ ШТАБЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
12.09.2023 / Автор anarkan_kg “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН” МҮЧӨСҮ МИРЛАН УРАИМОВ СОТ ЗАЛЫНАН КАМАККА АЛЫНДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.