Аймак

HRW ОРУСИЯ МЕНЕН СИРИЯНЫ ТЫЮУ САЛЫНГАН КУРАЛ КОЛДОНУУГА АЙЫПТАДЫ

HRW ОРУСИЯ МЕНЕН СИРИЯНЫ ТЫЮУ САЛЫНГАН КУРАЛ КОЛДОНУУГА АЙЫПТАДЫ

 1,180 Бардыгы /

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Орусия менен Сириянын «аскердик альянсын» Сириядагы жарандык калк жашаган райондорго кол салууда эл аралык нормалар менен тыюу салынган куралдарды пайдаланган деп айыптады.

Уюмдун 3-июнда жарыяланган билдирүүсүндө 26-апрелден бери Сирияда өкмөткө каршы күчтөрдүн көзөмөлүндө турган Идлиб, Хама жана Алеппо аймактарына жүздөгөн аба соккулары жасалып, алардан 200 жай тургун каза болгондугу жазылган.

HRW куткаруучулардын, күбөлөрдүн жана ачык булактардын маалыматтарына таянып, жарандык адамдар жашаган аймактарда чачыратма бомба өңдүү тыюу салынган курал колдонулганын билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, бул аймакта үч миллионго жакын жай турган жашайт. Анда согуштук аракеттер алты айлык тыныгуудан кийин быйыл апрелде башталган.

Орусия 2011-жылы Сирияда согуш башталгандан бери президент Башар Асаддын өкмөтүнө аскердик жана дипломатиялык колдоо көрсөтүп келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17