Аймак

АБЫЛГАЗИЕВ «АЗАТТЫКТЫН» ИЛИКТӨӨСҮН ТЕЗ АРАДА ТЕРИШТИРҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

АБЫЛГАЗИЕВ «АЗАТТЫКТЫН» ИЛИКТӨӨСҮН ТЕЗ АРАДА ТЕРИШТИРҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

 1,552 Бардыгы /

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда иликтөөдөгү фактыларды текшерүү иштери талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жыйында Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча мекеменин корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин билдирди. 2016-жылы ал корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) өткөрүлгөн.

Анарбаевдин айтымында, азыркы кезде Финансылык чалгындоо кызматы Финансы полициясы менен кошо 700 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү фактыларын кайра иликтөөгө киришти.

Премьер-министр тиешелүү органдарга териштирүүнү тездетүүнү тапшырды.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылган суммалар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17