Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА АЯЛДАРГА АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ

ТҮРКМӨНСТАНДА АЯЛДАРГА АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ

 1,085 Бардыгы /

Түркмөнстанда аялдар айдоочулук күбөлүк алууда жана эскилеринин мөөнөтүн узартууда көйгөйлөргө туш болушууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, Ашхабад шаарында полиция аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүдөн, эскилерин жаңыртуудан баш тартып жатат.

Түркмөнстанда айдоочулук күбөлүк 10 жылдык мөөнөткө берилет.

​Акыркы бир нече жылдан бери Түркмөнстандагы кыз-келиндер айдоочулук күбөлүк алуу жана автоунаа айдоого байланышкан көйгөйлөргө туш болуп келишет. Аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүн жапырт алуу өнөктүгү быйыл февралда башталган.

Ошол эле маалда мамлекеттик мекемелерде же ишканаларда эмгектенген аялдарга автоунаа айдоого уруксат берилүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17