Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА 13 ЖЫЛДАН КИЙИН «БИ-БИ-СИНИН» КАБАРЧЫСЫНА АККРЕДИТАЦИЯ БЕРИЛДИ

ӨЗБЕКСТАНДА 13 ЖЫЛДАН КИЙИН «БИ-БИ-СИНИН» КАБАРЧЫСЫНА АККРЕДИТАЦИЯ БЕРИЛДИ

 1,061 Бардыгы /

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) журналист Авазбек Тахировду «Би-Би-Си» телерадиокомпаниясынын кабарчысы катары каттоодон өткөргөнүн билдирди.

2005-жылы Анжиянда болгон кандуу окуядан кийин өзбек бийлиги өлкө аймагында бир катар эл аралык маалымат каражаттарынын, анын ичинде «Азаттык» радиосунун, «Америка үнүнүн» жана «Би-Би-Синин» ишине тыюу салган.

«Фергана» маалымат агенттиги билдиргендей, «Би-Би-Синин» борбор азиялык кызматы Өзбекстанда аккредитациядан өтүү үчүн 2016-жылы декабрда эле арыз берген.

Бир жыл мурда «Америка үнү» басылмасынын өзбек кызматынын кабарчысы Навбахор Имамов аккредитация алган. Быйыл апрелде өзбек ТИМи «Фергана» агенттигинин Ташкенттеги кызматкери Андрей Кудряшовду чет өлкөлүк басылманын кабарчысы катары каттоодон өткөргөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17