Аймак

ОКУУЧУСУ ЗОРДУКТАЛГАН КОКОН ШААРЫНЫН КОЛЛЕДЖИНИН ДИРЕКТОРУ СОТТОЛДУ

ОКУУЧУСУ ЗОРДУКТАЛГАН КОКОН ШААРЫНЫН КОЛЛЕДЖИНИН ДИРЕКТОРУ СОТТОЛДУ

 1,041 Бардыгы /

Өткөн аптада сот Кокон шаардык жеңил өнөр жай колледжинин директоруна, окуу жайдын кампа башчысына жана дагы бир кишиге өкүм чыгарды. Алар мамлекеттин мүлкүн коромжуга учуратуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылды.

Айыпталуучулар 25тен 73 миллион сумга (3-9 миң АКШ доллары) чейин айыппулга жыгылып, сот залынан бошотулду.

2018-жылы 14-октябрда Кокон шаардык прокуратурасы окуу жайда текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында колледждин директору кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, айдоочу, кароолчу, жаштар лидери жана психолог сексуалдык зомбулукка шектелип кармалып, кийин күрөө менен бошотулган. Текшерүү 16 жаштагы кыздын боюнда болуп калганы тууралуу жашыруун маалымат түшкөндөн кийин жүргүзүлгөн.

Окуу жайда “мүнөзү оор” делген 200дөй кыз окуйт.

Укук коргоо органдарындагы булак буга чейин “Зордуктоо” беренеси боюнча соттун отурум жабык өткөнүн, айыпталуучуларга жаза берилгенин билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17