Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,511 Бардыгы / Өзбекстандагы Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропорттору баш кеңсеси Москвада жайгашкан «Новапорт» холдингинин башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Тиешелүү макулдашууга орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Ташкентке сапарынын алкагында өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган. Маалыматка караганда, «Новапорт» холдинги менен өзбек өкмөтү Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропортторун модернизациялоо тууралуу макулдашууга 30-майда Ташкентте кол коюшкан. – Болжолдуу макулдашууга […]
1,512 Бардыгы / Өзбекстандагы Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропорттору баш кеңсеси Москвада жайгашкан «Новапорт» холдингинин башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Тиешелүү макулдашууга орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Ташкентке сапарынын алкагында өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган. Маалыматка караганда, «Новапорт» холдинги менен өзбек өкмөтү Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропортторун модернизациялоо тууралуу макулдашууга 30-майда Ташкентте кол коюшкан. – Болжолдуу макулдашууга […]
ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ҮЧ АЭРОПОРТ ОФФШОР КОМПАНИЯНЫН БАШКАРУУСУНА ӨТҮШҮ МҮМКҮН
07.06.2019 / Автор aymak1,513 Бардыгы /
Өзбекстандагы Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропорттору баш кеңсеси Москвада жайгашкан «Новапорт» холдингинин башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Тиешелүү макулдашууга орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Ташкентке сапарынын алкагында өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган.
Маалыматка караганда, «Новапорт» холдинги менен өзбек өкмөтү Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропортторун модернизациялоо тууралуу макулдашууга 30-майда Ташкентте кол коюшкан.
– Болжолдуу макулдашууга холдингдин башчысы Роман Троценко менен Өзбекстандын транспорт министринин биринчи орун басары Ильхом Махкамов кол койду. Бирок бул меморандук деңгээлиндеги гана макулдашуу. Азыр консалтинг компаниялар долбоордун экономикалык жактарын карап жатышат. Бул боюнча корутунду чыккандан кийин укуктук милдеттерди бекиткен акыркы документке кол коюлат», – деди «Новапорт» холдингинин өкүлү.
Анын айтымында, документке кол коюлгандан кийин аталган үч аэропорт концессионалдык макулдашуунун негизинде узак мөөнөткө орусиялык холдингдин башкаруусуна өтөт.
Өзбекстанда бардык аэропорттор мамлекеттин башкаруусунда. Аларды башкаруу боюнча ыйгарым укук «Узбекистон хаво йуллари» улуттук авиакомпаниясына таандык. Өзбек өкмөтү буга чейин аталган үч аэропортту чет өлкөлүк компаниялардын башкаруусуна берүү планы тууралуу эч нерсе билдирген эмес. Бул долбоорго кызыккан компаниялардын арасында ачык тендерлер дагы өткөрүлгөн эмес.
«Новапорттун» өкүлү алар бул үч аэропортту жүргүнчүлөрдүн санын кескин көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү жогору экендиги менен түшүндүрдү.
2007-жылы негизделген «Новапорт» холдингинин акцияларынын жарымы орусиялык олигарх Роман Троценконун башкаруусундагы AEON Corporation фирмасына, экинчи бөлүгү Meridian Capital деп аталган казакстандык инвестициялык компанияга таандык. Бул эки компания тең «Новапорт» холдингине Кипрде 2005-жылы каттоодон өткөн T.S. Trans Siberia Co Limited компаниясы аркылуу ээлик кылат. Бул оффшор компаниянын чыныгы ээлери тууралуу маалымттар жашыруун сакталып келет.
Эл аралык бизнес-авиация тармагындагы өз булак «Новапорт» Кремлге жакын олигархка таандык холдинг болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.
«Новапорттун» ээси Роман Троценко. Ал «Росгазнефть» башкармалыгынын төрагасы Игорь Сечиндин оң колу, көптөгөн жылдар бою анын кеңешчиси болуп иштеген. Сечин болсо Владимир Путиндин жакын санаалашы болуп эсептелет. «Новапорт» Орусияда экинчи даражадагы аэропортторду башкарат. Учурда компаниянын карыздары көп экени айтылууда. «Новапорттун» негизги түзүүчүсү Кипрде, анын чыныгы ээсин эч ким билбейт. Анын Кремлге тиешеси бар деген божомолдор бар. Азыр Өзбекстандагы үч аэропорт тендерсиз эле карызы көп бул холдингге берилгени жатат», — деди булак.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАКТАГЫ УУЛУУ ХИМИКАТТАР КӨМҮЛГӨН ЖЕРЛЕРДИН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ КАНДАЙ?
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.