Аймак

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДѲѲ ИШ-ЧАРАСЫ

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДѲѲ ИШ-ЧАРАСЫ

 2,400 Бардыгы /

Мындан 9 жыл мурун кандуу июнь окуясы орун алган. Бул каргашалуу окуяны эскерүү күнү катары 10-июнь белгиленип келет.

Бул күнгѳ карата бүгүн Сузак РИИБнин имаратында атайын жыйын болуп ѳттү. Жыйынга Сузак райондук администрациясынын, райондук прокуратура, дин ѳкүлдѳрү катышышты. Мындан сырткары Сузак, Ырыс, Атабеков айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчылары да келип, ѳз айыл аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айтып беришти.

Жыйын Сузактагы ар улуттун аксакалдары жана активисттери менен биргеликте талкуулоо форматында болуп ѳттү. 2010-жылкы каргашалуу апаатта Сузак районунда чоң жоготуулар орун алганы айтылып, ар түрдүү чагымчыл күчтѳргѳ алданбоо, улуттар аралык ынтымак, достукту мындан ары да бекемдѳѳ керектиги белгиленди.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17