Аймак

КЫЗМАТТА ЖАНА СПОРТТО ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШКЕН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

КЫЗМАТТА ЖАНА СПОРТТО ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШКЕН КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНЫШТЫ

 1,689 Бардыгы /

Бүгүн, 10-июнда кызмат ѳтѳѳдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн бир катар кызматкерлер Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги тарабынан кезектеги атайын чин жана сыйлыктар менен сыйланышып, спортто ийгилик жараткандарга медаль, дипломдор тапшырылды.

Жалал-Абад шаарынын аймагында кайгуулдоо багытында кызмат ѳтѳп жатып, тейлеген аймагында жүз берген «Тоноо» фактысынын изин суутпай шектүүнү колго түшүрүшүп, кылмыштын бетин ачууда ѳздѳрүнүн кесипкѳйлүгүн кѳрсѳтүшкѳн милициянын кайгуул күзѳт кызматынын бир нече кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, КРнын ИИМнин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасында кызмат ѳтѳгѳн жалгыз спортчу кызыбыз Күмүшай Орозкулова 2-июнда жыйынтыкталган III Эл аралык карате-до турниринде биринчиликти багындырып, атайын диплом жана кубок менен сыйланып, алтын медаль тагынды.

Ошондой эле, КРнын ИИМнин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун бир катар кызматкерлери спортто жетишкен ийгиликтери үчүн дипломдор менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17