Аймак

12- ИЮНДА МОСКВАДА ЖУРНАЛИСТ ИВАН ГОЛУНОВДУ КОЛДОГОН ЖҮРҮШ ӨТӨТ

12- ИЮНДА МОСКВАДА ЖУРНАЛИСТ ИВАН ГОЛУНОВДУ КОЛДОГОН ЖҮРҮШ ӨТӨТ

 944 Бардыгы /

12-июнда Москвада үй камагында отурган “Медузанын” кабарчысы Иван Голуновдун эркиндигин талап кылган жүрүш өтөт. Акция катышуучулары колдоруна журналисттин макалалары жазылган гезиттерди көтөрүп чыгышат.

Уюштуруучулар “Фейсбуктагы” баракчаларына жүрүш өткөрүү боюнча бийлик менен макулдашпай турганын жазышты.

Акциянын демилгечилери кылмыш ишин жабуу менен катар ага маңзат таштап, куугунтуктоого алгандарды жазалоону талап кылышууда.

“Новая газетанын” журналисти Илья Азар Голунов акталганга чейин акция жана пикеттер өтө берерин билдирди.

10-июнда Орусиянын алдыңкы гезиттери «Ведомости», «Коммерсант» менен РБК башкы бетинде «Мен/Биз Иван Голунов» деген жазуу менен чыкты. Журналисттер профсоюзу, «Дождь», «Медиазона», «Новая газета», «Republic», «The Village», «МБХ Медиа» жана башка бир катар ЖМКлардын редакциялары тилектештик билдирип, кылмыш ишин жабууну талап кылышууда.

Кремль Голуновдун кармалганы тууралуу маалымат Орусия президенти Владимир Путинге өткөн жума күнү кабарланганын билдирди.

Голунов 6-июнда Москвада кармалган. Журналистке ири өлчөмдө баңгизат сатуу боюнча айып коюлган. Орусиянын Жазык кодексинде бул берене боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин түрмөгө кесүү каралган.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин наркологу Евгений Брюн Голунов 8-июнда тапшырган тестте баңгизат аныкталбаганын билдирген.

Кесиптештери анын камакка алынышын Москванын бийлигиндеги коррупция, көмүскө бизнес тууралуу иликтөөлөрүнө байланыштырышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17