Аймак

ТАШ-КѲМҮРДѲ СУУГА ТҮШҮҮДѲ КООПТУУ ЖЕРЛЕРГЕ АТАЙЫН БЕЛГИЛЕР КОЮЛДУ

ТАШ-КѲМҮРДѲ СУУГА ТҮШҮҮДѲ КООПТУУ ЖЕРЛЕРГЕ АТАЙЫН БЕЛГИЛЕР КОЮЛДУ

 2,136 Бардыгы /

 

Таш-Кѳмүр шаарынын аймагынан Кыргызстандагы эң узун Нарын дарыясы агып ѳтѳт. Дарыяда сууга түшүүгѳ кооптуу болгон участкалар кѳп болгондуктан жергиликтүү милиция тарабынан ар түрдүү суу кырсыктарынын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдѳ. Бүгүн Нарын дарыясынын аймагындагы жайкы мезгилде кооптуулук жараткан жерлерге эскертүү иретиндеги атайын тактайчалар илинди.

Бул иш- чара Таш-Кѳмүр ШИИБнин жетекчилигинин демилгеси астында уюштурулуп, милициянын участкалык ѳкүлдѳрү, жашы жете электер менен иштѳѳ инспекциясы, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органынын кызматкерлери, жарандык коргонуу боюнча ѳкүл, ѲКМнин кызматкерлери жана аймактык башкармалыгынын башчылары менен биргеликте жүргүзүлдү. Жергиликтүү элге жайкы сууга чѳгүүлѳрдүн алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдү аптаптуу күндѳрү ата-эне, жакындары ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алып туруу керектиги айтылды. Жаштарга ар кандай шартта сууга түшүүгѳ болбой тургандыгы милиция тарабынан эскертилип, ар кандай кырсык жана кокустуктардан оолак болууга чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17