Аймак

ALIEXPRESS ТАЖИКСТАНДА ӨЗ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

ALIEXPRESS ТАЖИКСТАНДА ӨЗ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

 906 Бардыгы /

Кытайдын белгилүү AliExpress интернет-дүкөнү Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн ачууга ниеттенүүдө.

Компаниянын глобалдык логистика боюнча директору Рики Сюэ Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда AliExpress Тажикстан менен туруктуу кызматташууга даяр экенин билдирген:

– Эгер картаны карасаңар, Тажикстан – Кытайдын батыш чек арасындагы кошунасы, кытай товарларын Орусия жана батыш өлкөлөрүнө ташый турган ыңгайлуу пункт.

Рики Сюэ компания Тажикстанда өз өкүлчүлүгүн жана товарлар үчүн кампасын ачууга ниеттенип жатканын айткан.

AliExpress — товарларды чекене жана дүң саткан, Alibaba Group компаниясынын курамына кирген Кытайдагы ири интернет соода аянтчасы. 1999-жылдан бери иштейт. Alibaba Group компаниясынын курамында Alibaba.com, Tmall, Taobao интернет-дүкөндөрү да бар. Сатуучу товарды кардарга жеткирген учурда гана акча алуу менен компаниянын тейлөөсү өзгөчөлөнүп турат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17