Аймак

УКУК КОРГООЧУЛАР КАЗАКСТАНДАГЫ КАМООНУ ИЛИКТӨӨНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА

УКУК КОРГООЧУЛАР КАЗАКСТАНДАГЫ КАМООНУ ИЛИКТӨӨНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА

 1,037 Бардыгы /

Казакстандагы “Адам укуктары үчүн хартиясы” фондунун аткаруучу директору Жемис Турмагамбетов менен Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча эл аралык бюронун Казакстандагы жетекчиси Евгений Жовтис соңку камоого байланыштуу билдирүү таратты.

Анда шайлоого нааразы болуп көчөгө чыккан жүздөгөн адамды кармоо мыйзам бузуу менен коштолгону, негизсиз жазага тартылганы, укук коргоо органдары камалгандардын жакындарына тиешелүү маалыматтарды убагында бербегени айтылат.

Ошондуктан “9-10-июнь күндөрү болгону окуяларды жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган көз карандысыз комиссия иликтеши керек”, деп жазылат билдирүүдө.

Казакстанда 9-июнда президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жоомарт Токаев жеңген. Добуш берүү күнүндө жана андан кийин Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарларында жүздөгөн адам нааразылык билдирип көчөгө чыккан. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюча, жалпысынан 700дөй жаран кармалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17