Аймак

АКШ ПОЛЬШАГА КОШУМЧА АСКЕРЛЕРИН ЖӨНӨТӨТ

АКШ ПОЛЬШАГА КОШУМЧА АСКЕРЛЕРИН ЖӨНӨТӨТ

 1,025 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Польшага америкалык аскерлерди жайгаштыруу пландары тууралуу маанилүү билдирүү жасайт.

Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, «бул билдирүү коопсуздук чөйрөсүндөгү эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн келечеги тууралуу болот».

Маалыматтарга караганда, билдирүү Дональд Трамп менен Польшанын президенти Анджей Дуданын сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасалат. Польшанын президенти буга чейин өз өлкөсүндө америкалык аскер базасын ачууну, аны «Форт Трамп» деп атоону сунуш кылган.

Азырынча АКШнын өкүлдөрү бул билдирүүдө эмне жөнүндө сөз болорун ачык айтышкан жок. Бирок Wall Street Journal басылмасы билдиргендей, буга чейин Трамптын администрациясында Польшага миң америкалык аскерди жиберүү идеясы талкууланган. Анда алар туруктуу эмес, ротациялык негизде кызмат өтөшмөкчү. Бул жоокерлер учкучсуз самолетторду сыноого, америкалык контингенттин ишин камсыздашат.

Учурда Польшада төрт миңге жакын америкалык аскер бар. Биринчи контингент Польшага 2017-жылы жиберилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17