Аймак

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН СПОРТТУК ИШ-ЧАРА

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН СПОРТТУК ИШ-ЧАРА

 1,838 Бардыгы /

Жалал-Абад ОИИБнин милициянын кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасында азыркы учурда ар улуттун ѳкүлдѳрү эмгектенишет. Буга байланыштуу МКККнын ѳзүнчѳ ротасынын командири, милициянын майору Зураб Календаров тарабынан атайын демилге кѳтѳрүлүп, бүгүн Жалал-Абад шаарындагы атайын кичи-футбол талааларынын биринде таймаш ѳткѳрүлдү.

Кичи-футбол боюнча мелдешке ар улуттан куралган элдик кошуундар дагы бир команда чыгарып, оюн талаасында күч сынашышты. Спорттук иш-чараны уюштуруунун негизги максаты улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳ, ар кандай пикир келишпестиктердин алдын алуу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана спорт аркылуу сергек жашоого үндѳѳ болуп саналат.

Оюндун жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, атайын диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Калган командалар да диплом жана акчалай белектерге ээ болушту. Ал эми ѳз учурунда спортчулар оюндун уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришип, жергебизде ынтымак, тынчтык ѳкүм сүрүүсүн каалап ѳтүштү.

 

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17