Аймак

ӨЗБЕКСТАН ОРУСИЯДАН КАТТОО МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУНУ СУРООДО

ӨЗБЕКСТАН ОРУСИЯДАН КАТТОО МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУНУ СУРООДО

 964 Бардыгы /

Өзбекстан Орусиядан ал жактагы жарандарын каттоо мөөнөтүн 7 күндөн 15 күнгө чейин узартууну суроодо. Бул маселе Красноярскта эмгек миграциясын өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында талкууланды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Өзбек тараптын айтымында, Тажикстан жарандары буга чейин эле мындай жеңилдикке ээ болушкан.

Өзбек өкмөтү каттоо мөөнөтү узартылса, Орусияга жаңы барган мигранттар үчүн жеңилдик болот деп эсептейт. Жумушчу топ каттоосуз 15 күн жүрүү боюнча сунушту эске аларын билдирди.

Бул арада эмгек мигранттарынын ден соолугу тууралуу медициналык бүтүмдү өз ара таануу жөнүндө Өзбекстан менен Орусиянын ортосунданы өкмөттөр аралык келишимдин долбоору даярдалды.

Орусия Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өзбек мигранттары Орусияга иштөө үчүн келгендердин ондон бир бөлүгүн – 1 миллионго чукул кишини түзөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17