Аймак

МИЛИЦИЯНЫН ОТСТАВКАДАГЫ КАПИТАНЫ «АРДАК» ТѲШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

МИЛИЦИЯНЫН ОТСТАВКАДАГЫ КАПИТАНЫ «АРДАК» ТѲШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

 1,496 Бардыгы /

Ички иштер органында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан милициянын капитаны Жедигер Сарыков 12-июнда 70 жашка толду.

Анын ѳздүк майрамын Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кенешинин тѳрагасы, милициянын полковниги Капарбек Исаков барып куттуктады.

Милициянын ардагеринин коомдук коомсуздукту камсыздоого кошкон салымы жана ИИОдо ѳтѳгѳн кызматы эске алынып, ИИМдин 4-июндагы №514 буйругунун негизинде «Ардак» тѳш белгиси тапшырылды.

Ѳз кезегинде Ж. Сарыков эс алууга чыккан ардагерлерди унутпай,  куттуктап келип, тѳш белги тагып кубантып турган Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап ѳттү.

 

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17