Аймак

ДОНОР ЖӨНӨКӨЙ АДАМДАН 5 ЖЫЛГА КӨП ЖАШАЙТ

ДОНОР ЖӨНӨКӨЙ АДАМДАН 5 ЖЫЛГА КӨП ЖАШАЙТ

 2,654 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 13-июнда “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата маалыматтык жыйын өттү.

Жалал-Абад областтык кан борборунун директору ММКнын өкүлдөрүнө берген билдирүүсүнө ылайык бир донор төрт адамдын өмүрүн сактап калат.

“Кыргызстанда 18 жаштан 60 жашка чейинки ден соолугу чың, эч кайсы оору менен оорубаган адам донор боло алат. Донормун деген адам бул “менин каным таза демек, ден соолугум чың” дегенди билдирет. Швецарияда, Данияда жүргүзүлгөн иликтөөдө донор жөнөкөй адамдан 5 жылга көп жашаары такталган. Жөнөкөй адамдарга салыштырмалуу 5-6 эсе оорубайт. Булар эч качан депреция болбойт, патриоттук сезим менен жашайт” – дейт, Урматбек Боржуев Жалал-Абад областтык кан борборунун директору.

Донор болуу менен анча-мынча оорудан алыс болгон ардактуу донор Сүйүнбүбү Орозматова донор болгонуна эч нааразы эмес.

“Мен биринчи жолу1966-жылдан тартып кан тапшыргам. Анда бизден ар 3 айда кан алчу. Алгач балдар ооруканасында иштедим. Балдарга кан керек болуп калганда менин каным туура келип, ошондон улам донор болуп калгам. Ошентип жүрүп мен микро донор болдум. 1997-жылы Ардактуу донор статусуна ээ болдум. Мен донор болгонума эч нааразы эмесмин. Тескерисинче донор болуу менен мен өз ден соолугумду көзөмөлгө алып, оорулардан да алыс болдум десем болот. Биз канчалык оорулууларга жардам берсек, Жараткан да бизди ошончолук сүйөт” – дейт, С.Орозматова ардактуу донор.

Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата областта жыл сайын 14-июнда донорлорду сыйлоо иш-чарасы өтөт. Былтыркыдан өзгөчөлүгү катары быйыл ыктыярдуу донорлоду тартуу жагы каралганын белгилейт Кызыл Ай коомунун кызматкери Каныбек Кудайбердиев.

 “Жалал-Абад областтык кан борбору менен биргеликте Кызыл Ай Коому 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата жыл сайын ар түрдүү ураан менен ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Быйыл “Бардыгы үчүн коопсуз кан!” ураанынын астында Барпы театрында областыбыздын аймагындагы ардактуу жана ыктыярдуу донорлорду сыйлоо боюнча иш-чара өтөт. Ошондой эле “КРде өз ыктыяры мнен Кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоору 2017-жылдан 2019-жылдын декабрь айына чейин улантылууда. Бул долбоордун негизги максаты, элдин ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүн жогорулатуу аркылуу жабыркагандардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү” – дейт, Каныбек Кудайбердиев Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкери.

Кошумчалай кетсек, 2005-жылы май айында Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 58-сессиясында 14-июнь  – Бүткүл дүйнөлүк эл аралык донорлор күнү деп кабыл алынып, ошол күндөн баштап донорлор күнү деп белгиленип келүүдө.

  Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17