Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД:  ЧАЙ ҮСТҮНДӨ ТАЙМАШКАН БИЛЕРМАНДАР

ЖАЛАЛ-АБАД:  ЧАЙ ҮСТҮНДӨ ТАЙМАШКАН БИЛЕРМАНДАР

 2,598 Бардыгы /

Кечээ, 13-июнда Жалал-Абадда  “Билерман Тime-Аш” интеллектуалдык оюну өттү.

Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана “Salymbekov Business School Jalal-Abad” окуу борбору менен биргеликте уюштурган бул иш-чара 60тай адамдын катышуусунда өткөн.

Оюнга жалпысынан студенттерден, жаштар уюмдарынын жана мекеме-ишканалардын жамааттарынан түзүлгөн 9 команда катышкан. Сынактын алкагында катышуучуларга ар тараптуу 20 суроо даярдалган. Оюндун жыйынтыгында “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунун Жалал-Абаддагы “Алтын ордо” командасы жеңишке жетишкен.

Уюштуруучулар интеллектуалдык оюн+тамактануу иш-чарасы көпчүлүктүн суранычы менен мындан ары да улантыларын белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин “Билерман Time-Ash” оюнун Оштогу “Билерман-Ордо” интеллектуалдык клубу өткөрүп баштаган. Ал эми иш-чара “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында жарыяланган “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун негизинде өткөрүлгөн.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17